Бишкектин такси айдоочулары аларга кандай кардарлар жакпай турганын айтып беришти

Бишкектин такси айдоочулары аларга кандай кардарлар жакпай турганын айтып беришти. Суралгандардын көбү айнектен таштанды ыргытып, унааны башкаруу боюнча кеңеш бергендерди жактырбайт.

 

Таксисттердин 47 пайызы салондо тамак жеген кардарларга жини келе турганын моюндашты. Андан тышкары, эшикти каттуу жапкан, орой мамиле кылган, телефонун чукулап отура берген жүргүнчүлөр такси кызматкерлерине жакпай турганы белгилүү болду.