Бишкекте вакансиялар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу ордо калаанын иш менен камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришти. Иш-чара 29-ноябрда филармонияда уюштурулат.
Жумуш издөөчүлөргө Бишкектин 70тен ашык алдыңкы компаниялары 6 миңдей вакансия сунуштайт. Катышуучулар ошондой эле ылайыктуу кесипти аныктоого мүмкүнчүлүк берген тестирлөөдөн өтүп, акысыз курстар жөнүндө маалымат ала алат.