Өзбекстан Кыргызстанга кезектеги гуманитардык колдоо көрсөттү

Өзбекстан Кыргызстанга кезектеги гуманитардык колдоо көрсөттү. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, медициналык жабдуулар жана препараттар менен жүк атайын учак менен жеткирилди.

 

Оор эпидемиологиялык абалды эске алуу менен коңшу өлкө 100 миң даана медициналык колкап, 10 мин коргоочу костюм, 100 миң маска жана башка зарыл препараттарды берди.