“Деңиздердин иконасы” круиздик лайнери дүйнөдөгү эң чоң деп аталып, легендарлуу “Титаниктен” 5 эсе ашып өтөт

“Деңиздердин иконасы” круиздик лайнери дүйнөдөгү эң чоң деп аталып, легендарлуу “Титаниктен” 5 эсе ашып өтөт. Бир учурда 5 миң жүргүнчүнү батырган кеме келе жаткан жылдын январь айында сууга кое берилет.

 

Лайнердин башкы сыймыгы – ичинде эбегейсиз көлөмдөгү аквапарктын болушу. Анда бир нече бассейндер, суу аттракциондору бар. Ири көлөмүнө карабай, кеме жогорку ылдамдыкта сүзө алат.