Нью-Йоркто аукцион тарыхындагы эң кымбат Ferrari сатылды

Нью-Йоркто аукцион тарыхындагы эң кымбат Ferrari сатылды. 62-жылкы легендарлуу GTO үлгүсү дээрлик 52 миллион долларга кетти. Сатып алуучунун аты-жөнү ачыкталбайт.

 

Мындай суперкарлардын 36 даанасы чыгарылган, алар атайын жарыш үчүн өндүрүлгөн. Унаа жарыштарда катары менен жеңишке жеткени менен атагы чыгып, эң мыкты Ferrari деген аталышка дагы ээ болгон. Алардын бардыгы учурда коллекционерлердин колунда.