Кыргызстанда 1-майдан тартып балык улоого тыюу салынат.
Бул тууралуу VB басылмасына “Чүй-Бишкек балык улоочулар” коомунан билдиришти.
Чектөөлөр 1-июнга чейин күчүндө болот. Тыюу салуулар Ысык-Көл облусунда эртерээк башталат.
Тагыраагы, балыктын түрүнө жараша 20-апрелден, 15-июлга чейин.
Адистер браконьерликке каршы, айрыкча, урук берүү мезгилинде алдын алуу иштерин жүргүзүшү зарыл.