Бишкекте жумушу жок жарандардын саны азайган жок.
Расмий катталгандардын саны 2020-жылы дээрлик 6 миң болсо,
көрсөткүч быйыл өзгөрүүсүз турат, деп билдиришти Novosti.kgге
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынан. Андан белгилешкендей,
ордо калаада иш издеп жүргөн жарандар бсз.кг сайтына кирип, өзүнө ыңгайлуу
кесиптердин вакансиясын көрө алат. Ошондой эле аталган порталга
өзүнүн жеке резюмесин жайгаштырса болот.