Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алгандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алгандардын саны көбөйдү.

Быйыл жыл башынан бери 82 миң адам документке ээ болду,

бул былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу

3 мин 600гө көп, — дешти мамлекеттик каттоо кызматынан.

Беш айдын ичинде 41 миң жаран айдоочулук күбөлүктөрдү

алгачкы ирет алса, 27 миңи жоготуп, мөөнөтү аяктап же жеке

маалыматтарын өзгөрткөнүнө байланыштуу кайрадан

алышты. Ошондой эле 11 миң адам кайрадан

даярдыктан өтүп, айдоо укугуна ээ болду.