Ордо калаанын “Ынтымак” эс алуу багында ишемби жана жекшемби күндөрү жаңы жылдык жарманкелер уюштурулат. “Шаар парктары” муниципалдык башкармалыгынын жетекчиси Калича Умуралиева билдиргендей, алгачкы иш-чара келе жаткан эс алуу күндөрү өтөт.
Андыктан, “Ден-соолук” жана “Ынтымак” эс алуу бактарынын ортосундагы жол тосулат.
Ошол жерде жарманке уюштурулмакчы. Иш-чара ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатын көздөйт.