Атайын эсепке чогулган каражаттын 38 миллион сому дарыгерлерге берилет. Каражатты бөлүштүрүүчү атайын комиссиянын чечимине ылайык, COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүгө чегерилген каражаттын бир бөлүгү өлкөнүн медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө жумшалат.
Бүгүнкү күндө атайын эсепке 61 миллион 239 миң сом түштү. Анын 38 миллион 559 миң сому өлкө аймагындагы вирус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине которулду.