COVID-19 вирусуна каршы дезинфекциялоо иштерин күчөтүү тапшырылды.
Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абалдын узартылуусуна байланыштуу коомдук жайларды, азык-түлүк дүкөндөрүн, тейлөөчү мекемелердин имараттарын, банктардагы терминалдар орнотулган жайларды тынымсыз дезинфекциялоо зарыл.
Андан тышкары жергиликтүү бийлик элди азык-түлүк, дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга милдеттендирилди.