Чүй облусунун Буран айыл өкмөтү көчө жарыгын толук күн энергиясына өткөрөт

Чүй облусунун Буран айыл өкмөтү көчө жарыгын толук күн энергиясына өткөрөт.

Айыл өкмөттүн составында 4 айыл бар. Биринчи этапта күн энергиясы менен иштей турган

200 көчө чырагы сатып алынды. Бул максатта 1 миллион сом багытталды. Кийинки жылы

дагы 200 чырак сатып алып, орнотуу пландалууда. Бул айылдардагы көчөлөрдү жарык менен

толук камсыздайт. Долбоордун демилгечиси жана жарандык активист Алмаз Жапаровдун

айтымында, мындай жол менен айыл бир гана жарыктандыруу маселесин

чечпестен электр энергияны үнөмдөөгө салымын кошот.