БШК дагы 6 шаардын мэрлерин шайлоо күнүн бекитти.
Кеп, Талас, Каракол, Чолпон-Ата, Кант, Кочкор-Ата жана Өзгөн калаалары тууралуу болуп жатат.
Комиссия чечимине ылайык, аталган шаарлардын башчыларына добуш берүү 2021-жылдын 10-июнунда өтөт.
Аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүү процессин мыйзамга ылайык жана бардык санитардык
эрежелерди сактоо менен өткөрүүгө даярдык көрүү тапшырмасы берилди.
Эске салсак, БШК буга чейин 13 шаардын мэрлерин шайлоо 7-июнда өтөт деп жарыялаган.