Жалал-Абадда дагы акыркы коңгуроо онлайн-форматта өткөрүлөт

КР Билим берүү жана илим министрлигинин 11-майдагы буйругуна ылайык,

25-май — Акыркы коңгуроо аземи онлайн-форматта өткөрүлөт жана ар кандай көңүл ачууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, буга байланыштуу облустун аймагында орун алган бардык билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда жана көчөлөрдө, эс алуучу жайларда, калктуу аймактан сырткаркы жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоо, ар кандай кырсыктарга, укук бузууларга, топтошуп мушташууларга жол бербөө жана жол кырсыктардын алдын алуу максатында Жалал-Абад ОИИБи тарабынан комплекстүү иш-чаралар уюштурулган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, облустук милиция бул багытта тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн 700гө чукул кызматкер бөлүнүп, атайын мобилдик кайгуулдоо маршруттары түзүлгөндүгүн, унаалар текшерүүгө алынарын, укук бузуулар аныкталса мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертет.