Ошто эртең менен жер титиреди

Ош облусунун аймагында бүгүн эртең менен очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.

 

Жер титирөө саат 06:30да болгон. Ал Ош облусунун Алай районунун Иркештам, Көк-Суу айылдарында 3,5 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.