Талас облусунун Бакай-Ата районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,
нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен суу каналга батпай
26 гектар айдоо аянтын, 1 чектар алма бакты, турак жайларды,
унаа жолдорду жана бала бакчанын жер төлөсүн каптады.
Андан тышкры, Кызыл-Жар, Жалпактил, Кайназар-2, Кайырма,
Бөлтөк каналдары сел калдыктарына толду. Ошондой эле
таза суу түтүгү бузулуп, айылдын айрым жерлеринде
суу берүү үзгүлтүккө учурады. Жеринде жарандык коргонуу
комиссиясы иштеп жатат, жумуштар бүгүн да уланууда.