Бишкекте түндө коментанддык саат эрежесин бузган 119 адам кармалды

Бишкекте түндө коментанддык саат эрежесин бузган 119 адам кармалды. Ордо калаа коменданты Алмаз Орозалиевдин айтымында, алар милиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, протоколдор түзүлдү. Кыргызстанда азыркы тапта 58 адам коронавирус жуктурганы аныкталды.

 

Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондору өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 8ден кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.