Жалал-Абад облусунда 100 орундуу оорукананын курулушу кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунда 100 орундуу оорукананын курулушу кызуу жүрүүдө. Аталган аймактагы өкмөттүн өкүлү Ырысбек Ызабеков билдиргендей, каржы булагы аныкталды.

 

Ошондой эле, Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр илимий борборунун имаратында оңдоп-түзөө жүрүүдө. Чиновник белгилегендей, коронавирустун толкунун эске алуу менен атайын комиссия тарабынан иш-чаралар планы иштелип чыкты. Ал 39 пункттан туруп, тиешелүү органдар тарабынан бекитилиши керек.