Бишкекти жаңы жылга карата кооздоо иштери декабрдын ортосунда жыйынтыкталат

Бишкекти жаңы жылга карата кооздоо иштери декабрдын ортосунда жыйынтыкталат. Мэрия маалыматына ылайык, учурга карата башкы балатынын темир каркасы тургузулду, учурда ага бутактарды орнотуу жумуштары жүрүп жатат.

 

Андан кийин оюнчуктарды жана гирляндаларды тагуу башталат. Белгилеп кетсек, быйыл адаттагыдан айырмаланып, 25 метрлик балаты аянттын түштүк тарабындагы фонтандын ичинде орун алат.