Түштүк Корея курамасы 3-турдагы беттештин акыркы мүнөттөрүндө плей-офф баскычына жолдомо утуп алды.
Алар Португалияны 2:1 эсебинде жеңди. Параллель беттеште Уругвай 2:0 менен Гана футболчуларын багындырды.
Португалия мөөнөтүнөн мурда жолдомого ээ болгон. Ал эми Түштүк Корея менен Уругвайда төрттөн упай, бирок Түштүк Америка Гананы жок генде 3:0 эсебинде утуп алышы керек болчу. Бул ишке ашкан жок жана гол киргизгендердин саны көп болгондуктан, экинчи жолдомону Түштүк Корея илип кетти.