Кыргызстанда 6-декабрда акысыз юридикалык жардам берүү декадасы башталат. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, декада 13-декабрга чейин уланат.
Анда жогорку квалификациялуу жактоочулар, юристтер жарандарга акысыз укуктук консультацияларды берет. Укуктук жактан жардам берүү өнөктүгү көчмө жүрүш форматында өтөт. Анда тургундарга социалдык, үй-бүлөлүк, жер жана башка түрдүү маселелер боюнча кеңештер берилет.