Бишкекте №5 автобус каттамга чыкты.
Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык,
муниципалитет жеке компания менен ишти кайрадан жандандыруу тууралуу макулдашты.
Бирок, автобус жаңы каттам боюнча иштеп баштайт. Ал «Көк-Жар» кичи району менен
«Көлмө» калктуу конушунун ортосунда каттамакчы. Буга чейин шаардык унаа башкармалыгы
№ 5 автобустук каттамды жаппагандыгын айтып, аны жеке компания тейлеп келгенин билдирген.