Авариялык абалдагы мектептерде балдар окубайт

Авариялык абалдагы мектептерде балдар окубайт.

 

Буга мектеп билим берүү саясаты башкармалыгынын начальниги Самаркүл Умралиева ишендирди. Анын айтымында, кылдат текшерүүлөр жүргүзүлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин корутундусу чыкты. Жалпысынан өлкөдө 245 мектеп авариялык абалда. Каражат бөлүндү, бир жылдын ичинде аларда оңдоо иштери жүргүзүлөт.

 

Ага чейин, айрым алыскы аймактарда балдар ижарага алынган айыл үйлөрүндө окуп турат. Бул окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жасалууда.