Кыргызстандыктар Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин атын жамынып, акча чогулткан көз боемочулардан жабыр тартышты

Кыргызстандыктар Бишкек мэриясынын кызматкерлеринин атын жамынып,

акча чогулткан көз боемочулардан жабыр тартышты. Жабырлануучулар билдиришкендей,

белгисиз жарандар соцтармактардан жана месенджерлерден өздөрүн муниципалитеттин

кызматкерлери же бөлүм жетекчиси катары тааныштырып, жалпыга белгилүү вице-мэрлердин

сүрөттөрүн пайдаланып, ар кандай сунуштар менен акча которууну суранышат.

Алсак, техника сатып алууга, гуманитардык жардамга жана башкалар үчүн.

Мэрия аталган жолдор аркылуу акча чогултпайт.

Калаа администрациясынан эскертишкендей, жарандар сак болушу зарыл.