Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 1 миңден ашык батир куруу ниетинде

Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл 1 миңден ашык батир куруу ниетинде. Уюмдан билдиришкендей, колдонууга бериле турган турак-жайлардын жалпы аянты 93 миң чарчы метрди түзөт.

 

Курулуш иштери Бишкек, Нарын, Кара-Балта жана Каракол шаарларында пландалды. Мамлекеттик бюджеттен бул багытта 3,5 миллиард сом каралат.