Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында 23-март күнү жарык өчөт

Борбор калаанын кээ бир аймактарында 23-март күнү жарык өчөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

9:00-17:00 — Токтогул көчөсүндөгү №200 үйдө, Т. Фрунзе, Гагарин, Боталиев, Щербаков, профессор Зимы, Саадаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Нариманов туюк көчөсүндө, Чүй проспектисинде, Медеров, Ашхабад, Скрябин көчөлөрүндө, Ак-Өргө (Огуз-Ата, Алтын Казык, Жетиген көчөлөрү), Төмөнкү Ала-Арча (Кыргыз, Панфилов көчөлөрү, Западный жана Полярный туюк көчөлөрү) конушунда;

9:30-15:30 — Маевка (Ала-Арча, Кара-Суу көчөлөрү) айылында;

9:30-17:30 — Рязанский, Курманжан Датка, Буденый, Юнусалиев, Медеров, Залкар, Улукман, Щербаков көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, 8-кичи райондогу №36 үйдө, Тунгуч кичи районундагы №75-80 үйлөрдө;

12:00-17:00 — Төмөнкү Ала-Арча (Чагай, Новая көчөлөрүндө, Средний туюк көчөсүндө) айылында.