Республикалык штаб мамлекеттик кызматкерлерге коронавирустан коргонуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты

Республикалык штаб мамлекеттик кызматкерлерге коронавирустан коргонуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кол койгон документке ылайык, кызматкерлерди, өзгөчө      60 жаштан ашкандарды, өнөкөт оорусу бар адамдарды аралыктан иштөөгө өткөрүү керек.

 

Кеңселерди улам дезинфекциялоо, жыйындарды онлайн режимде өткөрүү.

 

Эң башкысы – кызматкерлерди той, кафе, көңүл ачуу жайларына барбоого чакыруу жана эмдөөдөн өтүүнү сунуштоо. Белгилеп кетсек, соңку күндөрү Кыргызстанда коронавирус күч алууда.