«Түндүк электр» ишканасы карызы бар 2 миң 700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүүнү пландап жатат

«Түндүк электр» ишканасы карызы бар 2 миң 700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүүнү пландап жатат.

Мекемеден билдиришкендей, өчүрүү иштери 23-24-сентябрда жүргүзүлөт. Мындан улам

керектөөчүлөргө ыңгайсыздыктан жана жарыкты кайрадан коштурууда ашыкча чыгымдан

оолак болуу үчүн эсептерди убагында жүргүзүү сунушталат. Төлөмдөр «Кыргыз почтасы»,

терминал жана электрондук капчык аркылуу кабыл алынат. Эске салсак, өткөн жумада

карызы бар 9 миң 600 турак жайдын электр энергиясы өчүрүлдү.

Андан кийин 8 миң абонент карызын дароо төлөгөнү маалым болду.