Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталды

Кыргызстанда баш кошуунун алдында нике келишимин түзүү сунушталды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыккан жаңы Үй-бүлө кодексинин долбооруна ылайык, келишим жазуу түрүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

 

Анда жубайлардын жашоо тартиби, анын ичинде ажырашкандан кийинки укуктары жана милдеттери камтылат.

 

Ошондой эле мүлктү кандай бөлүшөрү макулдашылат. Нике келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт. Милдеттемеден качса жубайлардын бири сотко кайрылууга укуктуу.