Ат-Башыда жаңы спорт комплекс пайда болот

Ат-Башыда жаңы спорт комплекс пайда болот. Тендерди Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Объект Калинин айылында курулат.

 

Долбоордун сметалык баасы 58 миллион 116 миң сомду түзөт. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөт.