Сузак — Кара-Дарыя унаа жолуна асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Жалал-Абад облусуна караган бул жолду оңдоого «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №22 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылган.
Белгиленгендей, жалпы 12 чакырымды түзгөн Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунун 4 чакырымына асфальт басылды.