Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмдөрү 1-3-январда жана 7-8-январда иштебейт

Мамлекеттик каттоо кызматынын түзүмдөрү 1-3-январда жана 7-8-январда иштебейт.

 

Ведомстводон билдиришкендей, кеп борбордук аппарат, калкты тейлөө борборлору, калкты жана транспортту каттоо, почта, архив жана загс бөлүмдөрү тууралуу болуп жатат.

 

Калган күндөрү кызматкерлер кадимки тартипте иштейт. Эске салсак, Кыргызстанда 1-2-3-январь эс алуу күндөрү деп жарыяланды. 7-январда Рождество майрамы белгиленет. Ал эми 8-январь жарандар катталган жерлерине жетип, шайлоолордо добуш бериши үчүн дем алыш деп белгиленди.