Москвада мигранттарды эмдөө боюнча массалык кампания старт алды.
Бул үчүн бир компоненттүү “Спутник Лайт” вакцинасы колдонулуп жатат. Москва мэриясынын сайтындагы маалыматка ылайык, мигранттарды эмдөө пилоттук режимде, иш берүүчүлөрдүн арыз-кайрылуусунун негизинде жүрөт.
Белгилеп кетсек, расмий маалыматка ылайык, Россияда ушул тушта 700 миңден ашык кыргызстандык иштеп жүрөт.