Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БШК шайлоо жана референдумду коопсуз өткөрүү үчүн атайын алгоритм иштеп чыкты

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БШК шайлоо жана референдумду коопсуз өткөрүү үчүн атайын алгоритм иштеп чыкты. Министр Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү медициналык беткап жана колкаптар менен камсыздалат.

 

Андан тышкары, ар бир тилкеде медицина кызматкерлери нөөмөттө турат.

 

Бардык ооруканаларда ыкчам бейтаптарды жаткыруу үчүн кошумча орундар түзүлдү. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жана референдум ушул жекшемби, 10-январда өтөт.