Жергиликтүү шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 2 жуманын ичинде жарыяланат

Жергиликтүү шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 2 жуманын ичинде жарыяланат. Бул тууралуу novosti.kgге Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Анын айтымында, учурда добуштар колго саналууда.

 

Ошондой эле түшкөн арыздар жана даттануулар каралып жатат. Эске салсак, кечээ өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоолору жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга бир миллиондон ашык жаран катышты.