Шайлоодогу бюллетендердин 9,63 пайызы жарактан чыкты

Шайлоодогу бюллетендердин 9,63 пайызы жарактан чыкты.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, бул автоматтык

эсептөө урналарынын алдын ала маалыматы. Эми алдыда кол менен эсептөө өтөт.

Учурда чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелериндеги добуштар келип түшүүдө. Эске салсак,

буга чейин БШК сайтынын иши үзгүлтүккө учурады. Жалпы добуштардын алдын ала

маалыматы жарыялана баштагандан кийин сумма 150 пайыздан ашты.

Андан кийин сайттын иши токтоп, бардык маалымат өзгөрдү.