Бул иш жумасы бир күнгө кыска болот. 31-августта өлкөдө эс алуу жарыяланат. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, бул күнү кыргызстандыктар Эгемендүүлүк күнүн белгилешет.
Өндүрүш календарына ылайык, эртеңки иш күн 1 саатка кыска болот. 1-сентябрда жарандар кадимки тартипте жумушка чыгат.