Испаниянын легендарлуу клубу “Барселонанын” президенти жана атактуу футболчулары Ривалдо Феррейра, Хавьер Савиола, Карлес Пуйоль Жалал-Абадка келди. Аэропорттон аларды футбол күйөрмандары жана фанаттар күтүп алды.
Эске салсак, атактуу коноктор каталондук клубдун Кыргызстандагы академиясын ачууга катышып, достук беттеш өткөрүшөт. Оюн Бишкекте 30-августта болот.