Ишкерлерди колдоо үчүн 14 миллиард сом табылды

Ишкерлерди колдоо үчүн 14 миллиард сом табылды. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, биринчи кезекте жардамга муктаж жана экономикага көбүрөөк пайда алып келчү ишкерликтин түрлөрү талданууда.

 

Анын жыйынтыгында каржылык жардам берүүнүн жолдору каралат.Бул үчүн ички жана тышкы булактар изделүүдө. Бүгүнкү күндө 14 миллиард сомдун тегерегинде табылды, — деди Асрандиев.