673 миң кыргызстандык 3 айга насыя пайыздарын төлөөдөн бошотулат

673 миң кыргызстандык 3 айга насыя пайыздарын төлөөдөн бошотулат.

Кеп, 100 миң сомго чейин ссуда алгандар тууралуу болуп жатат.

Каржы министри Кыялбек Мукашев билдиргендей, ведомство пайыздарды

бүгүнтөн тартып төлөй баштайт. Министрлик кредиттик компаниялардын

декабрдагы чыгашасын январда, январдыкын февралда, февралдыкын

мартта төлөп берет. Бул максатта жалпысынан 1 миллиард

253 миллион сом керектелет. Сумма бюджеттен каралат