Бишкекте абитуриенттердин окуу жайларга онлайн режиминде өтүүдө жардам көрсөткөн 1818 ишеним телефону иштеп баштады

Бишкекте абитуриенттердин окуу жайларга онлайн режиминде өтүүдө жардам көрсөткөн

1818 ишеним телефону иштеп баштады. Билим берүү министринин орун басары

Нурлан Өмүров билдиргендей, шаардык телефон аркылуу чалуу акысыз,

ал эми чөнтөк телефон менен кайрылгандардан акы алынат. Ошондой эле

2020.edu.gov.kg порталында окуу жайларга кантип өтүү керектигин түшүндүргөн

видеолор бар. Андан тышкары, онлайн каттоо боюнча суроолорду электрондук

abiturientonline2021@gmail.com почта дарегине жөнөтсө болот.