Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарында жашаган 942 үй-бүлө мамлекеттен жер тилкесин жана жардам алып бирок көчпөй келет

Жалал-Абад облусунун кооптуу аймактарында жашаган 942 үй-бүлө мамлекеттен жер тилкесин жана жардам алып бирок көчпөй келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кеп, суу ташкыны, сел каптоо, таш кулоо жана

жердин чөгүү коркунучу бар аймактар тууралуу болуп жатат. Мындай жерлерде жалпысынан 1 миң 286 үй-бүлө жашайт.

Алардын 350сүнө гана жардам көрсөтүлө элек, калгандары эскертүүлөргө баш ийбей жатат.

Учурда калкка түшүндүрүү иштери жүрүүдө.