Ордо калаада аз камсыздалгандарга көмүрдүн ордуна акчалай жардам берилет

Ордо калаада аз камсыздалгандарга көмүрдүн ордуна акчалай жардам берилет. Ар бир үй-бүлөгө 5 миң 700 сомдон каралган. Бул суммага 1,5 тонна кара отун сатып алууга болот.

 

Жалгыз жашаган пенсионерлер жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ошондой эле көмүрдү жеткирип берүү үчүн дагы кошумча каражат берилет.

 

Андан тышкары, “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан 733 үй-бүлөгө 1 миң кубометр отун таратылат.