Быйыл январдан майга чейин мал экспорттоонун көлөмү 64 пайызга кыскарды.
Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу түзүлдү, — дешти
Улуттук статистика комитетинен. Маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстан
жалпысынан 41 миллион сомго 618 мал жеткирсе, былтыр ушул эле убакта
71 миллион сомго 1 миң 649 мал экспорттолгон. Кыргызстан бодо малды
негизинен Казакстан жана Өзбекстанга экспорттойт.