Бишкекте Түндүк райондук электр тармагынын имаратынын курулушу старт алды

Бишкектеги Ак-Босого конушунда «Түндүк электрдин» Түндүк райондук электр тармагынын

имаратынын курулушу старт алды. Энергетика жана өнөр-жай министрлигинен билдиришкендей,

жаңы РЭТтин ишке кириши менен керектөөчүлөр үзгүлтүксүз  электроэнергия менен камсыздалат.

План боюнча жаңы түзүм ордо калаадагы Абдрахманов, Элебесов өчөлөрү, Жибек Жолу проспектиси,

Профсоюз жана айланып өтүүчү жолдун түндүк тарабын бириктирген бөлүктү,

ошондой эле 15 конушту жана 2 айылдын керектөөчүлөрүн жарык менен камсыздайт.