Кыргызстанда сот залдарынын 35 пайызында гана аудио- жана видеофиксация бар

Кыргызстанда сот залдарынын 35 пайызында гана аудио- жана видеофиксация бар. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева билдирди. Анын айтымында, аудиофиксация Бишкектин жана Чүй облусунун биринчи инстанциядагы сотторунда орнотулду. Жалпысынан 80 залда аудио жана видеофиксация бар жана аларды орнотуу уланууда. Ал эми региондордо мындай көрүнүш жок», — деди… Кененирээк…

Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө

Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, курулуштун басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча курууга багытталган. Андан тышкары 9 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 таза суу, 3 турак жай башка объекттер бар. Жыл аягына чейин дагы 6 объекттин пайдаланууга… Кененирээк…

Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга Япония элчилиги үн жана жарык бере турган аппараттарды тапшырды

Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга Япония элчилиги үн жана жарык бере турган аппараттарды тапшырды. Салтанаттуу иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы элчиси жана маданият министри Азамат Жаманкулов катышты. Яапон элчилиги билдиргендей, жабдуулар гранттык негизде берилүүдө. Анын жалпы суммасы 89 миң долларды түзөт.

Дүйнөдөгү эң кымбат балаты Испанияда орнотулду

Дүйнөдөгү эң кымбат балаты Испанияда орнотулду. Анын баасы 15 миллион доллардан ашат. Бийиктиги 6 метрге жеткен токой сулуусун жасалгалоогог 3 миң даана Сваровски кристаллдары жумшалды.   Андан тышкары, балатыга төө куштун алтын жалатылган жумурткалары илинген. Ошондой эле, жаңы жылдын башкы символу бриллиант жана башка баалуу… Кененирээк…

Instagram жаңы функциясын кое берди

Instagram жаңы функциясын кое берди. Ал “сторис” бөлүмүнө 15 секундалык видеолорду жүктөөгө шарт түзөт. Аны дароо ошол жерден монтаждап, ылдамдыгын өзгөртүп, эфекттерди кошуп, музыка менен коштоп койсо болот.   Учурда жаңычылдык Бразилияда гана жеткиликтүү. Жакынкы арада функция бүт дүйнө боюнча жайылтылат.

Косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор табылды

Косметикалык каражаттын 90 пайызында адам өмүрүнө коркунуч алып келген микробдор табылды. Бул маалыматты Астон университетинин медициналык кызматкерлери жарыялашты. Адистердин айтымында, косметикалык каражаттарда зыяндуу стафилококк таякчалары табылып, 1 миллилитрге миллиондон ашуун бактерия туура келди. Косметика түрлөрүнүн эң көп микроб алып жүрүүчү деп декоративдик каражаттарды аташты. Андыктан… Кененирээк…

Абанын рекорддук жылуу болушу кечээ, 4 -декабрда катталды

Абанын рекорддук жылуу болушу кечээ, 4 -декабрда катталды. Синоптиктердин билдирүүсүндө, Бишкекте күндүзү термометр 20,3 көрсөттү. Буга чейин рекорддук көрсөткүч 1971-жылы 13-декабрда катталып, анда 23,3 чейин жеткен. Кошумчаласак, эртеңден баштап аба-ырайы кескин түрдө өзгөрүп, кечинде кар аралаш жаан жаап, суук болушу күтүлөт.

Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү

Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков билдирет. Анын айтымында, иш-чаранын алкагында 27 миллион сом чогултуп, ал каражатка 108 миң китеп сатып алынды. Долбоордун алкагында 144 китепкананын китептери жаңыланды. Китепканасы жок айылдарда… Кененирээк…

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды. Тийиштүү буйрукка Маданият министри Азамат Жаманкулов кол койду. Ага ылайык,  аталган музейде башкы сактоочу болуп эмгектенген Айгүл Мамбетказиева директор статусун алды. Эске салсак, музейде 27-ноябрда феминале өткөнүнө байланыштуу мурунку директор Мира Жангарачева кызматтан бошотулган.

Instagram эми катталуучунун жаш курагын сурап баштады

Instagram эми катталуучунун жаш курагын сурап баштады. Болбосо, ал маалыматты Facebook профили менен байланыштырып коет. Жаңы эрежелерге ылайык, басымдуу өлкөлөрдүн колдонуучулардын жашы 13төн кем болбошу керек.   Социалдык тармактын өкүлүнүн айтымында, бул спирт ичимдиктеринин жана башка нерселердин жарнамасына, ошондой эле жаш балдардын коопсуздугуна байланыштуу.