Чүй облусунда 3,5 миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Чүй облусунда 3,5 миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн. Чүй электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, электр энергиясы үчүн карызы бар керектөөчүлөр 15-декабрдан тарта аралыктан өчүрүлүп баштайт.

 

Ыңгайсыздыктарды алдын алуу үчүн жарандарга жарык үчүн төлөмдөрдү тез арада жүргүзүү сунушталат. Төлөмдөр терминалдарда, банк кассаларында жана почта бөлүмдөрүндө кабыл алынат.