Бишкекке ысык суу ушул жумада берилет

Бишкекке ысык суу ушул жумада берилет.

Бизге “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасынан такташкандай, суу шаардыктарга 16-июндан тарта бериле баштайт.

Эске салсак, ордо калаанын көп кабаттуу үйлөрүндө ысык суу 16-майда 1 айга өчүрүлгөн.

Бул убакыт аралыгында “Бишкекжылуулуктармактарынын” адистери түтүктөрдү, буу казандарды кайра калыбына келтирип, күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүшөт.