Индиялык Харнааз Сандху аалам сулуусу аталды

Индиялык Харнааз Сандху «Аалам сулуусу – 2021» эл аралык сулуулар сынагынын жеңүүчүсү аталды.

21 жаштагы сулуу Чандигарх шаарында жашайт жана модель болуп иштейт. Бул тууралуу

сынактын «Twitter» баракчасында жарыяланды.

Сынктын финалы Израилде Кызыл деңиздин жээгинде өттү.

Индиялык сулууга таажыны сынактын мурдагы жеңүүчүсү мексикалык Андреа Меса тапшырды.

Экинчи жана үчүнчү орунду Лалела Мсване (Түштүк Африка) менен Надиа Феррейра (Парагвай) ээледи.

Финалда Аруба, Колумбия, Франция, Индия, Парагвай, Филиппин, Пуэрто-Рико, Түштүк Африка,

Багам аралдары жана АКШнын өкүлдөрү күч сынашкан. Уюштуруучулардын айтымында,

сынакка дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн 80 кыз катышып, ага миңден ашуун көрүүчү келген.

«Аалам сулуусу» сынагы биринчи жолу Израилде өттү. Финал дүйнөнүн

170тен ашуун өлкөсүндө түз эфирде көрсөтүлдү.