Бишкекте өрт-өчүрүү – куткаруу бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, долбоор кореялык эксперттер менен
кызматташуунун алкагында ишке ашат. Ушул эле программанын алкагында өрт-өчүрүү – куткаруу
бөлүмүнүн жаңы имараттары Чолпон-Атада, Ошто жана Жалал-Абад облусунун Сузак
айылында пайда болот. мекемелер өрткө каршы техника жана жабдуулар менен камсыздалат.